Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-5 көлүнө кечээ, 23-августта эки эркек адам чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 23-август күнү ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 2 эркек киши (экөө тең 1998-жылы туулган) чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 10 куткаруучу тартылды. Издөө иштери бүгүн, 24-август күнү улантылат", - деп билдиришти ӨКМдан.