Таиландда түрмөлөр туристтик жайга айланат

Таиланддын Жазаларды аткаруу министрлиги өлкөдөгү 72 абакты туристтик жайларга айлантууну пландап жатат. Мындай маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн юстиция министри Сомсак Тхепсутинге шилтеме берүү менен жазып чыгышкан.

Андагы маалыматка караганда, туристтик жайларга айланган абактарда кулинардык сынактар өткөрүлүп, эркинен ажыратылган адамдар тарабынан жасалган буюмдарды саткан дүкөндөр ачылат. Юстиция министринин айтымында, "темир тор артындагы ашпозчу" сыяктуу сынактар уюштурулмакчы.

Бул абактагы адамдардын эркиндикке чыккандан кийин нормалдуу жашоого кайтып келүүсүнө жардам болот. Аталган проектти каржылоо иши 2021-жылга пландалууда. Жалпысынан өлкөнүн 72 түрмөсү туристтик жайга айланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан