Бишкекте атасы, апасы жана кызы каза болгон жол кырсыгы. Ооруканадагы 11 жашар баланын абалы оор

Кечээ, 24-августта ИИМдин академиясынын тушунан Субару Легаси менен Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан жабыркагандар бир үй-бүлө экенин жана анын кесепетинен 3 адам каза болгонун Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматынан маалымдашкан. Ошондой эле каза болду делген кыздын ата-энеси да мерт кетип, 2 баласы аман калганы белгилүү болгон.

Бүгүн, 25-августта Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага 11 жаштагы А.А. аттуу бала келип түшкөнүн жана анын абалын айтып берди.

"Абалы оор. Баш мээсинен жаракат алган. Учурда комада", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Raihan0602
2020-08-26 08:20:21
Ии ананайындар ата энеңер жок канттиңер Кудайым шыпаа берип сакайып кетсеңер экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан