Аламүдүн районунда каракчылык кылганга шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда каракчылык кылганга шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү саат 03:10 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө денесинен жаракат алган аял арыз менен кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү иштеринде жабырлануучу 19 жаштагы С.Г. Октябрь айылынын тургуну болгон. 11-март күнү саат 22:00 чамасында чала таанышы эч себепсиз эле аны уруп- согуп, 5500 сом акчасын жана Деу Нексия үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары мурда соттолгон 1988-жылы туулган М.Ф. аттуу жаран кармалган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан