Кечээ, 24-август күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылында талаада 5 гектар чабылган арпанын орду жана 5 гектар арпа күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда өрттүн себеби такталууда.