Нарында 1-класстын окуучуларына бет каптар акысыз таратылат

Нарында 1-класстын окуучулары акысыз бет кап менен камсыздалат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалым болгондой, Нарын облусунда жаңы окуу жылында 6 миң окуучу биринчи класска барат. Окуучулар бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен кадимки режимде мектепте окушат.

"1-класстын окуучуларын ыңгайлуу бет кап менен камсыздоо максатында "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүп берилип, Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицейинин базасында жеке ишкер тарабынан бет каптар тигиле баштады. Тигилген 6 миң даана бет кап окуучуларга акысыз таратылып берилет. Бул ишке 25 тигүүчү тартылып, өндүрүлгөн продукция атайын келишимдин негизинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксаты менен дем алдыруучу материалдан көп жолу колдонууга ылайыкталып тигилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан