Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды 14 күн бою дарылап чыккан дарыгерлер үчүн таза аба, кооз жаратылышта жайгашкан объекттерге, обсервация орундары даярдалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.
"Бүгүн, 23-июлда ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Алтын-Бешик балдар лагеринин базасында уюштурулган обсервация менен таанышты. Учурда бул жайда кооптуу зонада эмгектенген дарыгерлер жайгаштырылган. Облус башчы дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, ар бир бейтаптын айыккан учурлары дарыгердин баа жеткис эмгеги деп белгилеп, ар бирине резервдик фондунан 5 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды", - деп билдиришти администрациядан.
Буга чейин Баткен облусунда дарыгерлер бейтаптарды үймө-үй кыдырып дарылап жаткандыгы кабарланган.