Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Айтымында, стационарлардан 4 медицина кызматкери сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясына 235 медицина кызматкери кабылды. Алардын ичинен 180и стационарлардан айыгып чыккан.