Дональд Трамп президенттикке 2-ирет талапкер катары расмий көрсөтүлдү

Республикалык партия Дональд Трамптын талапкерлигин экинчи президенттик мөөнөткө расмий түрдө көрсөттү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ал талапкерлигин көрсөтүү үчүн зарыл болгон 1276 делегаттын добушун чогулта алган.

Республикачылардын партиясынан вице-президенттикке Майк Пенс сунушталды. Ал эми Трамптын негизги атаандашы катары демократтар партиясынан Жозеф Байден расмий көрсөтүлгөн.

Эске салсак, быйыл 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өтөт. Анда президенттик так үчүн 74 жаштагы Трамп жана 78 жаштагы Жозеф Байден ат салышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2020-08-25 20:08:53
Трамп нак тупой президент болуп калды бул тарыхта, мындай кетиште СШАны жок кылып салбаса эле, тупойлугу боюнча биздин сокеге окшош.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан