Чехия президенти Милош Земан колунан жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Йиржи Овчачек Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
Катчынын маалыматына караганда, президенттин колуна операция жасалышы керек.
"Милош Земан колун кокустатып алып, Прагадагы аскердик госпиталга жаткырылды. Эми анын колуна операция жасалат. Бирок өмүрүнө жана саламаттыгына эч кандай коркунуч жок. Ал жакындары жана кызматкерлери менен байланышта. Президенттин иш күнү жана программасы анын абалына жараша түзүлөт", - деп жазган Йиржи Овчачек.
Маалым болгондой, Чехия президенти Милош Земан 75 жашта. Ал буга чейин буттары ооруп жүргөнүн айтып келген.