Тоңдо айдоочу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктан 3 киши жана ымыркай жабыркады

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 96-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 киши жана бир ымыркай жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 25-августта болгон. Анда Lexus RX-300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек, бир аял жана 1 жаштагы ымыркай жеңил жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан