Орусия Өзбекстанга орус тили сабагынан 30 мугалим жөнөтөт

Өзбекстан менен Орусия биргеликте баштаган билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 2020-жылы Өзбекстанга Орусиядан 30 мугалим 14 аймакка жөнөтүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Долбоордун катышуучулары орус тили сабагынан билимин текшерүү максатында түзүлгөн тест аркылуу тандалат. Ошондой эле педагогдордун профессионалдык деңгээли дагы бааланат.

Маалыматка ылайык, адистерди 28-августка чейин кабыл алат.

Катышуучуларга төмөнкү талаптар коюлат:

- жер которууга даяр болуу;

- профилдик билим;

- орус тили жана адабиятынан иш тажрыйбасы;

- жаш курагы 64 жашка чейин.

Өзбекстанга жөнөтүүнүн алдында бардык мугалимдер А.И. Герцен атындагы Орус мамлекеттик педагогикалык университетинде орус тили жана адабияты предметинен окутууларга катышат. Ал жакта өзүнүн профессионалдык жактан билим деңгээлин, жөндөмдүүлүгүн жакшырта алат. Тренинг аяктагандан кийин, бардык мугалимдер Өзбекстандын калкы көп жайгашкан 14 аймакка жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
i1urp
2020-08-26 19:08:47
Орус тили эн сонун тил.
-1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-08-26 22:21:25
Бизге да ушундай бирдеме уюштуруп бербейт бекен а?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан