Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, америкалык "Amazon" компаниясынын башчысы Жефф Безостун байлыгы 199 миллиард 700 миллион долларга жетти. Бул тууралуу "Forbes" журналы жарыялады.
Анда жазылгандай, пандемия башталгандан бери Жефф Безостун кирешеси 55 пайызга жогорулаган. Акыркы 12 айда 86 миллиард доллар киреше тапкандыгы айтылат маалыматта.
Жефф Безос "Forbes" журналынын рейтингинде 2018-жылдан бери дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башынан түшпөй келет.