Ысык-Ата районунда 47 жаштагы айдоочу 6 жашар кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 25-август күнү саат 14:30да Интернационал айылында болгон.
Анда белгисиз айдоочу Ауди унаасы менен жолдун четинде ойноп жүргөн кызды сүзүп, токтобостон качып кеткен. Натыйжада кыз денесинен жаракат алып, буту сынып ооруканага жеткирилген.
Окуядан көп өтпөй, Ысык-Ата районунун жол кыймылынын кызматкерлери айдоочуну кармашкан. Ал ошол эле айылдын тургуну болгон.
Окуя болгон учурда айдоочу мас абалда болгону аныкталган. Унаа айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочу жана чогулган материалдар Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн.