"Башка эркектер ага көз чаптырышын каалабайм". Өзбекстанда күйөөсү аялынын сулуулугу үчүн ага өрт коюп жиберген

Коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында аялынын сулуулугу үчүн ага өрт коюп жиберген жаран 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 36 жаштагы өзбекстандык жаран аялы сулуу болгон үчүн ага бензин чачып, өрт коюп жиберген. Сотто айыпталуучу: "Мен аялымдын сулуулугун башка эркектер карап жатканын каалабайм. Ошон үчүн ушундай кадамга бардым", - деген.

Ал аялы буга чейин көзүнө чөп салбагандыгын жана эми аны эч ким карабай тургандыгын айткан.

Аялы денесинен 25 пайыз күйүк алып, 1 айдан ашык комада жаткан. Ал учурда күйөөсүнө мындан дагы оор жаза берүүнү суранууда.

Буга чейин дагы Өзбекстанда күйөөсү өзүнүн унаасын ичинен бекитип, аялы, балдары менен кошо өрт койгон. Жыйынтыгында унаадагылардын бардыгы каза болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
MDF
2020-08-26 15:57:30
Айбан!!!
+1
i1urp
2020-08-26 16:00:48
Ашкере исламдашкан олкодо аял киши болуп жашаш отоо оор. Ар бир аял сулуу, келбеттуу болуп корунгусу келет. Сулуу, келбеттуу аял дайыма бактылуу сезимдер менен жашайт. Бул жакшы нерсе. Ден соолука да пайда. Аны тушунбогон сабатсыз эркектер курулай кызганып, аялдарынын башына хиджаб, паранджа ороп салышат карыган кемпирдей кылып. Токтотолук бул нерсени.
-5
Gabiku
2020-08-26 17:27:52
i1urp,ии куйдургу десе Эми мен оронгондордон Алла канча сулуумун деп алба да.
+1
Arstan18.18
2020-08-26 19:06:38
i1urp,туура аялынды башка эркектер тамшанып карайт сен жооп бересин аялын тозогун же бейишин Дей берсе молдокелер анан эркектер мээси иштен чыга баштайт ороп койсоделе бети ачык бетин жаап ниндзя кылып алайын десе закон жол бербейт ! Эркектер аялдарда силердей Адам ммамиле кылат кийгиси келет жегиси келет кулот жасанат озун озу кубантып жашоо бергиле!
0
nazira...
2020-08-26 18:17:10
Катуу суйот экен да.
-3
Alia82
2020-08-26 21:45:35
nazira...,суйуу эмес больной экен
+2
Agayu
2020-08-26 21:04:11
Бардык нерсенин ашыкчасы ашыкча , хоть либой нерсени айтпа. Биз баланс менен жашашты билишибиз керек главный .
+1
Noon
2020-08-26 21:14:57
Ашыкча фанаттар күйгүздү. Суйбой куруп калсын, менчигине басып алгансыган эшек.
+1
algakaray
2020-08-26 21:35:13
Озун орттоп ийсин эшекти.
+1
Akoga
2020-08-27 09:17:19
Аялың сулуу болсо ажыга көрсөтпө дейт арабдар.
0
GS-Zari
2020-08-27 10:34:53
Сулуу эмесинен эле алса болмок экен
0
Sajakat14
2020-08-27 15:08:57
Психологияда мындайларды нарцист дейт! Өзүмчүл, ичи тар, өзүнүн самооценкасы ылдый, түркөй бир байкушда тигил эркек сөрөй! Тим эле ал аялды өзү жан берип жаратып алгансып. Аяам бул менчик оокат эмес? Аял дагы инсан, адам!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан