Кербенде аялын сабаган жаранга сотко чейинки өндүрүш иши боюнча текшерүү башталды.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-август күнү саат 07:30 чамасында Аксы райондук аймактык ооруканасынын 103 кызматынан РИИБинин 102 номерине кабар келип түшкөн. Анда Кербен шаарынын 1987-жылы туулган Ы.Г. аттуу жаранды 1986-жылы туулган А.К. аттуу күйөөсү сабаган.
"Бул маалымат боюнча тергөө ыкчам тобу ооруканага жана окуя болгон жерге барышып тиешелүү материал топтошкон жана РИИБинин КЖБРине "үй-бүлөдөгү зомбулук" болуп катталып, КРнын Жоруктар кодексинин 75-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди маалымат катчы.
Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө келиндин бир тууганы окуя тууралуу маалымдаган.