Быйыл Тажикстанда окуу жылы 17-сентябрда салттуу түрдө башталат. Сабактар мектептерде бардык санитардык эрежелерди сакталган шартта өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуучулардын дене табы кире бериште текшерилет, танапистерде класс бөлмөлөрү дезинфекцияланат жана ошондой эле окуучулардын ортосундагы бир жарым метрлик аралыкты сакташ үчүн чара көрүлөт.
Мындан тышкары Тажикстандын өкмөтү коронавирус эпидемиясы кайра күчөп кетсе окуу дистанттык режимге өтөрүн, ал үчүн бардык шарттар даяр экенин билдирген.