Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча дагы эки адамга өкүм чыкты

Бишкектеги Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишинде айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага жана атайын прокуратуранын өкүлү Кубатбек Жуматаевге карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты.

Ага ылайык, Сагинбаева менен Жуматаев бул иште коррупцияга катыштыгы бар деген негизде күнөөлүү деп табылган. Алар тергөө менен кызматташууга баргандыгы үчүн сот ар бирине 260 миң сом өлчөмүндөгү айып салып, аны төлөөгө милдеттендиргени маалымдалат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча жалпы 19 адамга айып тагылган. 2019-жылдын август айына карата алардын 14ү үй камагына алынып, 4 адам камакта кармалып, 1өө издөөгө жарыяланган.

Айыпталып жаткандардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов болгон.

Алардын иши Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси боюнча каралып, 2020-жылдын 23-июнунда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратканы тууралуу чечим чыккан. Ал эми Индира Жолдубаева бул иште күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилсе, Абдухалим Раимжанов менен Калыбек Качкыналиев бул иште күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза чегерилбей, сот залынан бошотулган.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан