Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-август күнү саат 23:30 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынан белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду адамдар жок жерге алып барып сабап, тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн.
Андан сырткары ошол маалда кылмышкерлер башка 26 жаштагы жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутуп, акча каражатын талап кылып, сабап, денесине жаракаттарды келтиришкен. Ошол эле түнү унаасын башкарып бара жаткан 26 жаштагы дагы бир тургунду токтотушуп, эч себепсиз сабап салышкан. Жогорудагы үч окуяда тең шектүүлөр такталбаган ок атуучу куралды колдонушкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөр кармалган. Алар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары 1989-жылы туулган Т.А., 1999-жылы туулган Т.А., 1989-жылы туулган Т.Ж. жана Баткен облусунун Кадамжай районунун 1994-жылы туулган М.М аттуу тургуну.
Соттун чечими менен шектүүлөр 2 айга Кызыл-Кыя ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.