Ош шаарында 19-август күнү кечинде "күйөөсү аялы менен кичине баласын сабап жатат" делген видео интернетке тараган. Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Биз ошол күнү эле видеодогу жаранды суракка алганбыз. Ал үйдө чоң энеси, карындаштары жана иниси менен жашайт. Видеодогу бала жарандын бир тууган иниси, жанында отургандар карындаштары болот экен. Жаран өзү жашаган шаардагы дүкөндөрдүн биринде иштейт. Ал инисин урган эместигин айткан. Себеби ал жумушка кетип жатканда, инисине дайыма 20 сом акча берип турган. Окуя болгон күнү иниси 20 сомго ден соолугуна зыян нерселерди алып жеген. Мындан улам аны бул кылыгы үчүн урушкан. Ошондой эле ошол убакта жанында чоң энеси карындаштары болгон.
Тасмага тарткан кыздар окуяны түшүнүп-түшүнбөй тартканына нааразы болгон. Сабалды делген балага тийиштүү экспертизалар дайындалган. Сурактан соң жаран коё берилген. Кийин видеого тарткан кыздар дагы суракка чакыртылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.