Венецияда сууда жүрүүчү трамвайга түшүп, бирок бет кап тагынуудан баш тарткан туристти андагы жүргүнчүлөр түртүп чыгарып салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышкан.
Маалыматта турист бортко келгиче бет кап тагынып, теплоходго түшкөндө аны чечип салганы айтылат.
"Теплоходдо адамдар көп болгондуктан, туристтин бет кап тагынуусун бир нече жолу суранышкан. Бирок ал тескерисинче жүргүнчүлөрдү жана команданы шылдыңдап, суранычтарын аткарган эмес. Аялдамалардын биринде туристти башка жүргүнчүлөр күч менен сыртка чыгарып салышкан. Ал кайра кирүүгө аракет жасаганда, башкалар жолун тороп туруп алышкан. Жыйынтыгында эрежеге баш ийбеген турист жээкте калууга мажбур болгон", - деп жазылат маалыматта.
Италияда адамдардын коомдук жайларда, транспортто бет кап тагынып жүрүүсү милдеттүү эрежелерге кирет. Бирок 6 жашка чейинки балдарга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге аны тагынбай коюусуна уруксат берилген.