Вьетнамдык киши 80 жылдан бери чачын өстүрүп келет

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантинден кийин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн эркектер чачтарын демейдегиден узун өстүрүшкөнү баарыбызга маалым. Вьетнамдык 92 жаштагы Нгуен Ван Чин 12 жашынан бери чачын кырктыра элек жана анын чачы учурда 5 метрден ашканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нгуен Ван Чин чачын өмүрүнө түздөн түз байланыштуу деп эсептейт. "Чачымды кырксам, өлүп калам. Мен өзүмдүн чач жасалгамдын эч нерсесин өзгөртпөйм, ал тургай тарабайм дагы", - деген ал.

Ал чачын күн сайын жууп, жоолук менен жаап алат. Анын чачын кароого 62 жаштагы Луом аттуу уулу жардам берет. Ал атасынын чачын ыйык деп аны кыркууга болбой тургандыгын айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
faraon312
2020-08-28 02:40:57
Оо, шордуу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан