Каракол шаарында тоноо фактысына шектүү жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан укукка каршы аракеттерди жасаган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган иш боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтелип жатат.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматына 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттерди жасаган чала тааныш адамга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүнү суранган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ушул жылдын август айынын башында Каракол шаарынан белгисиз адам жабырлануучунун баасы 58 миң сом болгон Айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуу менен тартып алган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "тоноо" фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жогорудагы фактыны мындан ары иликтөөгө ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү катары Каракол шаарында жашап келген, мурда соттолгон А.А. аттуу жаран кармалды.

Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Соттун чечими менен шектүү жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан