Орусияда абадагы ар кандай вирустарды, анын ичинде коронавирусту аныктай алган прибор жасалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы чыгарылган прибор Зверев атындагы Краснодар заводунда өткөн "Армия-2020" форумунда көрсөтүлгөн. Ишкананын башкы директору Александр Новиковдун айтымында, "Детектор-БИО" медико-биологиялык жабдуусу вирустарды гана аныктабастан, бактерия, токсиндерди кошо таба алат.
Бул Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илим изилдөө борбору менен биргеликте иштелип чыкты. Мындай жабдуунун жардамы менен абадан анализ алууга 10 мүнөттөн жарым саатка чейин убакыт кетет", - деп билдирди Новиков.
Прибор мамлекеттик сыноодон июнь айында өткөн. Аны сертификациялоо даярдалып жаткандыктан, буюртма тууралуу айтуу эрте экенин маалымдады.
Аталган жабдууну массалык иш-чараларды өткөрүүдө, адам көп чогулган жерлерде, метро, аэропорт, темир жол бекеттеринде колдонсо болорун белгилүүдө.