Бишкекте айдоочу унааны башкара албай бакты сүзүп, бир адам каза болду

Бишкекте айдоочу унааны башкара албай калып бакты сүзүп токтоп, бир адам каза болду. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28-август күнү болжол менен саат 01:00 чамасында 7-апрель көчөсүндөгү кафелердин биринин тушунда болгон.

Анда Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу унааны башкара албай, жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон. Натыйжада 3 жаран жабыркап, 1 жаран окуя болгон жерден көз жумган.

Азыркы учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан