Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы карыяны сабаганга шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган. Ал эми шектүүнү кармоо учурунда жаракат алган милиция кызматкеринин бир манжасы сынган.
25-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан Кара-Суу шаарынын 26 жаштагы тургуну М.Т. аттуу жаранды кармашкан. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, шектүү өзү жашаган үйүнө келди деген маалымат боюнча үйүнө кызматкерлер барган. Ал өз үйүнөн чыгып, качып кетүүгө аракет кылып, кызматкерлерге баш ийбестен, каршылык көрсөткөн. Натыйжада ички иштер органдарынын 1 кызматкеринин денесине жараат келтирген.