Ырчылар Нурлан Насип менен Малика Дина “Тунук махабат” аттуу ыр жаздырышты. Бул тууралуу Нурландын продюсери Канат Кадыржан билдирди. Ырдын сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону Нурлан Насипке таандык болгон чыгарма көпчүлүктүн суроосу боюнча жаздырылыптыр. “Нурлан кыздар менен эмнеге ырдабайт?” деген суроо мурун көп берилчү. Ыр тандалган соң Маликага сунуш киргизип, чогуу аткарып чыгышты. Ошондой эле жаңы ачкан студиябызда Нурлан өзү алгачкы жолу ырдын аранжировкасын жасады. Бул ырга жакында клип тарттырганы турабыз”,- деди Кадыржан.