Маалыматка караганда, өлкө 2021-жылга карата 126 миллион калкы үчүн беш түрдүү өндүрүүчүдөн 521 миллион даана вакцина сатып алууну караштырууда.
"Пандемия шартында Олимпиада оюндарын өткөрүү бир катар логистикалык көйгөйлөрдү жаратат. Анткени дүйнө жүзүнөн келген миңдеген спортчулар машыгып жана иш-чараларга барып турушу керек. Мындан тышкары күйөрмандар да коопсуз жерлерге жайгаштырылышы зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, ден соолугуна байланыштуу жакында кызматтан кете тургандыгы айтылып жаткан премьер-министр Синдзо Абэ оюндарды өткөрүп, 2021-жылы Токиого миңдеген спортчулар менен күйөрмандарды тартууга өзгөчө көңүл бурууда.