"Кара пантера" тасмасындагы падыша Т'Чалланын ролун аткарган актёр Чедвик Боузман каза болду

Белгилүү америкалык "Кара пантера" тасмасында башкы ролду аткарган актёр Чедвик Боузман 42 жашында каза болду. Бул тууралуу актёрдун Твиттердеги баракчасында жазылды.

2016-жылы актёрдон жоон ичегинин залалдуу шишик дарты аныкталган. Ал бул илдет менен 4 жыл күрөшкөн. Боузман Лос-Анжелестеги өз үйүндө жакын адамдарынын курчоосунда көз жумду.

"Кара пантера" тасмасындагы Т'Чалла падышанын ролун жаратуу ага чоң сыймык болгон" деп жазылган билдирүүдө. Ал өзүнүн дарты тууралуу коомчулукка айткан эмес. Ушул жылдын апрель айында күйөрмандары анын арыктап кеткендигине байланыштуу ден соолугунан кабатыр болуп жатышкандыгы социалдык тармактарда айтылган.

Актёр 2018-жылы "Кара пантера" тасмасындагы Т'Чалла падышанын ролу үчүн "Жылдын актёру" наамын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-08-29 12:53:10
Аииийй жаткан жери жайлуу болсун, эми кара пантера экиде ким катышат экен.
0
eddi.
2020-08-29 16:54:10
nazarnew, Розовый пантера
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан