Түркияда ачкачылык жарыялаган укук коргоочу 238 күндөн кийин каза болду

Түркиялык укук коргочу Эбру Тимтик 238 күндүк ачкачылыктан соң 43 жашында Стамбулдагы ооруканада көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал терроризмге байланыштуу өзү жана кесиптештери кабылган сот ишинде акыйкаттык болушун талап кылып, ачкачылык жарыялаган.

Белгилей кетсек, Эбру Тимтик жана анын 17 кесиптеши радикал "Революциялык элдик боштондук партия фронту" менен байланышы бар деп айыпталган. Бул уюм Түркияда жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган.

2019-жылдын март айында Тимтик 13 жарым жылга эркинен ажыратылган. Ал быйыл февралда кесиптеши Айтач Унсал экөө ачкачылык жарыялашкан. Унсал дагы оор абалда экени кабарланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан