Индиянын улуттук боштондук кыймылынын лидери, саясатчы Махатма Гандинин көз айнеги "East Bristol Auctions" үйүндө өткөн аукциондо 340 миң долларга (26,6 миллион сомго) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда көз айнекти сатыкка аны агасынан алган киши койгон. Сатуучунун тууганы 1910-1930-жылдары Түштүк Африкада иштеген. Ошол учурда Ганди да аталган мамлекетте болгону айтылды.
Ал эми "East Bristol Auctions" аукцион үйүнүн өкүлү Эндрю Стоувдун айтымында, мындай баалуу буюм алардын мекемесинин тарыхында биринчи ирет соодаланып жатат.
Эскерте кетсек, Ганди Индиянын саясий жана коомдук ишмери, улуттук-боштондук кыймылынын лидери болгон. "Индия элинин атасынын" сөөгү Мадхья-Прадеш штатындагы мемориалга коюлган.