Ырчы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекованы сүзгөн айдоочуну кечирди

Ырчы Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечирди. Бул тууралуу анын жолдошу Нурлан Насип "Супер-Инфого" маек берип жатып билдирген.

Анын айтымында, ал кырсыкка себепкер болду деген айдоочуну аялы үчүн кечирген. Ал эми тосмо арызды Асел Кадырбекованын апасы жазып берген.

"Асел эсине келип, жашоого кайтканын көрүп Кудайга миң ирет ыраазы болуп, жибидим. Бир четинен бул бөөдө кырсык. Унаа катуу келип сүзгөн чынында, видеону көрсөң Аселди аяп кетесиң. Бирок апасы күндө чалып чыркырайт "кечирип кой" деп, тууган, достор, жакындар менен кеңешип кечирдик. Башында аябай жинденгенбиз, кийин кайра ойлонуп, ал жигиттин тагдырын талкалабай эле коёлу деп чечтик", - деген Нурлан Насип.

Ошондой эле ал жубайынын дарылануусуна кылмышка шектүүдөн акча талап кылбаганын айтып, болгону автоунаасын кайра калыбына келтирип берүүнү суранганын кошумчалады.

Эске салсак, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган.

Борбордук аянтта өткөн салтанатка ыктыярчы бөбөктөр катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
AdylbekB84
2020-08-31 16:36:14
Кечиримдүү болуу ар бир пенденин колунан келе бербейт, азаматсыңар чыныгы адамдык касиетиңерди билдирипсиңер үй- бүлөңөр менен! Кырсык каш кабак ортосунда дейт, ар бир адам туш болушу мүмкүн!
+11
asefsa
2020-08-31 16:36:26
Туура кылыпсынар, негизгиси Асел жакшы болуп кетсе болду, кечиримдуу болгон жакшы, бул Эми кырсыкта, баарыбызды Кудайым бордо кырсыктан сактасын!
+5
Assalomuallekum
2020-08-31 16:52:11
Эн жакшы Сапат кечируумду болу. Ар Бир адамдын башына келиши мункун бул иш кечирген жакшы ннрсе
+6
Muslim_KGstana.
2020-08-31 17:32:26
Темирди машинаны деле жон эле койбопсун/бир кундук той менен озун деле бутуруп аласын.
+2
anipa11
2020-08-31 17:37:11
Muslim_KGstana.,туура өзү таба алат, тиги жигит да жоопкерчилик алыш кк да
+3
Jibakana
2020-08-31 21:13:38
Muslim_KGstana.,неге сразу эле той,ага да эмгек мандай тер керек...
+1
sinej
2020-08-31 17:55:13
"Совесть мучает" болуп кеттиби ошондо. Давай эми жакшынакай, келбеттуу, татынакай Асель экоон ырдап, элдин конулун которуп журо бергиле. Асель дайыма жашарып, жаш корунуп, жасанып, ушундай эле сулуу болуп журо бер.
+3
muslima-0788
2020-08-31 19:03:36
Озу силердин ырынарды деле укпайм :-) Кызынардын бактына бар эле болгула .Ар бир бала ата энеси менен чонойсун оксубой
+5
MKW.MYRZAiYM
2020-09-01 00:30:58
"Бакыт тынчтыкты суйот" дегендей Эми мындан ары уй-булоодо болгон ар бир кыймылды Асель Эл назарына койбосун, коз тиет, соз тиет дегендей. Хейтерлер кандай гана жаман создорду жазышпаган. Кудай эле сактады Аселди, уй булоонорго тынчтык, Ден соолук, бакыт каалайм. Мындай кырсыкты кудайым эч кимдин башына салбасын
0
Shef87
2020-09-01 01:46:01
Жигиттер акырын айдаганды үйрөнгүлө
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан