Бишкекте милиция кызматкерлеринин айтканына баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн кызга сот чечим чыгарды.
Маалыматка ылаайык, чечимди Октябрь райондук соту чыгарган.
Анда 23 жаштагы айыпталуучу К.К. үч жылга эркинен ажыратылган. Андан соң ага мунапыс колдонулуп, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.
Эске салсак,11-апрель күнү саат 17:30 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен бет кап тагынбай көчөдө жүргөн кызды кармашкан. Ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, ал оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, милиция кызматкерлерине жүктөлгөн мыйзамдуу талаптарды аткарган эмес. Кыз коомдук тартипти бузуп, өзүн абдан агрессивдүү көрсөтүп, милиция кызматкерине каршы күч колдонуп, кол да көтөргөн. Мындан улам бул факты Октябрь РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми коомдук тартипти бузган кыздын аты-жөнү такталып, ал 1997-жылы туулган К.К. аттуу жаран экендиги аныкталган. Октябрь райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, ал 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынган.