Орусиялык каскадёр күйүп жаткан шакекчеден секирем деп кулап түштү

Орусиянын Свердлов облусунда көрүүчүлөргө оюн көрсөтүп жаткан каскадёр күйүп жаткан тегерек шакекчеден секирип өтөм деп кулап түштү. Окуянын видеосу интернет желесине тарады.

Маалыматка караганда, 29-август күнү Каменск-Уральский шаарында "Автоунаалар таймашы" аттуу шоу өткөн.

Анда иш-чаранын катышуучуларынын бири катуу жүрүп келе жаткан унаанын үстүнөн күйүп жаткан шакекке секирип кирүүгө аракет кылган. Бирок ал шакекчеге илинип калып, жыгылып түшкөн. Оюн-зооктун көрүүчүлөрү чочуп кетишкен. Анткен менен каскадёр дароо ордунан туруп кеткен.

Орусияда күйүп жаткан темирден секирем деп кулап түшкөн каскадер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан