АКШда 35 жаштагы стюардесса Линдси Брайен багаждын текчелерин өзгөчө ыкма менен жаап, экипаждын мүчөлөрү менен социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырды. Бул тууралуу видео интернетке тарап, учурда кызуу талкууга алынууда.
Видеодо көрүнүп тургандай, стюардесса отургучтун чекесин колдору менен таянып, башын ылдый каратып, буттарын асмандатып, андан соң текчелерди жаап койгон.
"Бала кезимде черлидер болсом (шоу менен спортту аралаштырган бий), андан кийин йога менен алектенгем. Бул трюкту аткаруу өзүмө кызык болду", - деп билдирген Брайен.