Дүйнөлүк окумуштуулар Жерди эң жаман климаттык апаат күтүп жатканын айтып чыгышты

Мөңгүлөрдүн жана айсбергдердин эришинен улам Жер шарын эң жаман климаттык апаат күтүп жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын Лидс университетинин жана Даниянын метеорологиялык институтунун илимпоздору билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Мөңгүлөрдүн жана айсбергдердин тез эришинен улам Жер шарында эң жаман климаттык кырсык болот. Дүйнө эли мындай тобокелчиликке азырынча даяр эмес", - деген окумуштуулар.

Окумуштуулардын билдиришинче, акыркы 30 жылда дүйнөлүк океан 1,8 сантиметрге көтөрүлгөн. Ал эми жыл сайын дүйнөлүк океан 4 миллиметрге көтөрүлүүдө. Эгерде ушундай темп менен океандын деңгээли көтөрүлө берсе, жакынкы жылдары 10 миллиондогон адамдын жашоосуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мындан тышкары Гренландия менен Антарктиданын муз катмарларынын эрүү темпи өсүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aitowa11
2020-09-01 17:18:52
Дүйнөдө тынчылык эле болсун
+12
-BOSS-
2020-09-01 17:44:55
2020-жыл окумуштуулар оозуна келгенин оттогон жыл болду.
+8
Kyrgyz_bloger
2020-09-01 17:51:04
Кыргыздар окумуштууларга ишенбейт,биз сындаганды гана билебиз,мурда окумуштуулар кыргыздар 50 жылдан кийин жок болуп кетчуу улуттардын катарында десе мен да ишенген эмесмин,айта берет деп,кече бир кыз турса лифчикчен супер маркеттен чыкты,видеодогу комментарийлерди окусам ар ким озу каалагандай жашайт,киришпегиле дейт,ойлодум аа туура айткан окшойт,мындай темп менен жоголуп кетет кыргыз,Кыргызстан мамлекет болсо дагы кыргыз деген улут жоголуп кетиши толук мумкун.
+16
asyl1998
2020-09-01 20:51:30
Жылдан жылга мөңгүлөр жок болуп бара жатат.
+7
akmanai
2020-09-01 21:05:42
Окумуштуулар айтып жатса демек алардын созундо белгисиз бир пайызда чындык бар. Туруп туруп эле суйлоп коюшкандай алар кочодогу бироо эмес. Изилдоо, божомолдоп, алдын ала айтуу аларды жашоодогу негизги жумушу. Ошентсе да жараткан дан жакшылыктарды гана тилеп, климат тын бул проблеммасын чечууго адамзат аракет кылуусу керек
+9
nazira...
2020-09-02 00:03:59
Ошондо суу каптайбы жер шаарын. Акыр заман келейин деп жатабы. Тооба кылдым.
+2
take_83
2020-09-02 02:48:17
Жомок жомок
-2
PROS
2020-09-02 06:56:47
Климатты өзгөрткөнгө азыр адамзаттын күчү жетпейт, андан көрө пластикалык буюмдарды жасоону токтоткула! Ошондо жаратылышка чоң жардам кыласыңар!!!!!
+3
Nursul
2020-09-02 10:06:08
Бул чын элего дейм акыркы жылдары күн аябай ысып атат окумуштуулардын бул айтканында деле чындык бар.
+2
Бектурган
2020-09-02 17:25:31
Окумуштуулар баары жомокторду айтышат, кылаарга иш таппай калганда эле ушинтип бир нерселерди ойлоп чыгышат))...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан