Америкалык "Zoom Video Communications" компаниясынын негиздөөчүсү Эрик Юандын кирешеси 1-сентябрь күнү бир нече саат аралыгында 4 миллиард 200 миллион долларга көбөйгөн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, компаниянын кирешеси бир нече сатта 26 пайызга көбөйгөн. Кирешенин мындай темп менен өсүшү пандемия учурунда кеңседе иштеген кызматкерлер аралыктан иштөөгө өткөндүгү менен түшүндүрүшкөн.
Zoom - онлайн видеоконференция өткөрүү кызматын аткарат. Аталган тиркеме 2011-жылы 21-апрелде ишке киргизилген.