Бразилияда 5 ай бою COVID-19ду алып жүргөн аял рекорд койду

Бразилиялык аялдын 5 айдан бери COVID-19 вирусун алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал аялда 152 күндөн бери организминде коронавирус жашап жүргөн. Анда оорунун белгилери болгон эмес, бирок адистер аял бул аралыкта көп кишиге вирус жугузушу мүмкүн экенин айтууда.

"Бул адамдын организминде вирус эң узак жашаган учур. Ошондой эле белгилери жок оору канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүп турат", - деп айтылат маалыматта.

Аты аталбаган аял саламаттыкты сактоо тармагында иштегени маалым болду. Март айында анда вирустун алгачкы белгилери байкалган. Ошондон бери медик үй карантининде болгон. Беш ай өтүп, вирус организминде толугу менен жок болгону билингенде гана жумушка кайтуу мүмкүнчүлүгүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан