Жактоочу: "Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулбайт"

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү улантылды. Анын жүрүшүндө мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан СИЗО-1ге которуу маселеси көтөрүлгөнүн SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"УКМКда ушундай чечим кабыл алынып жатканын кечээ, 1-сентябрда билдим. Бүгүн соттук процесстин жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар соттон Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы катары УКМКнын тергөө абагында калтырууну өтүнмө келтиришкен. Сот өтүнмөнү кабыл алды. Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге которулбайт", - деди жактоочу.

Буга чейин жактоочулар УКМКда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин СИЗО-1ге которуу маселеси каралып жатканын айтып, Атамбаевдин №47 түзөтүү мекемесинин алдындагы ооруканасына которулушу мүмкүн деген божомолдорун билдиришкен.

Кой-Таш окуясы боюнча Алмазбек Атамбаевге бир нече берене боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-09-02 19:54:20
Мамлекеттик сырды алып жүргөн адамды көрүнгөн жерде кармабай өтө кайтаруу күчтүү жерде кармаш керек,бирок А.Ш.Атамбаев өзүнө өзү кылды шайлоодо эч кимге тартбай калыс болгондо азыр түрмөдө эмес үйдө болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан