Чүйдүн Ысык-Ата районунда 15 жаштагы кызга сексуалдык иш-аракет кылган факты боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Ысык-Ата РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда ушул жылдын февраль айында 15 жаштагы кызына сексуалдык иш-аракет кылган 20 жаштагы жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү баштап, тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Териштирүү иштеринде жашы жете элек кыздын мыйзамдуу өкүлү шектүү жаран менен жарашып алгандыгына байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган.