Жалдагы үрөй учурган мушташ. Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековго сот чечим чыгарды

Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековго сот чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Анда Ленин райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, Жаныбек Бапышовду 10 жылга, ал эми Каныбек Сейитбековду 11 жылга эркинен ажыраткан.

Маалыматка ылайык, чечим 27-августта чыккан.

2019-жылдын 28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген. 2019-жылдын 23-декабрында Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал үй камагына чыккан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
amirrus
2020-09-02 17:24:12
туура чечим
+4
Бектурган
2020-09-02 17:27:31
"Мурда соттолбогон, жүрүм-туруму жакшы, сизодо отурган убагын эске алып" - деген жүйөөлөр менен мунапыс берип коё беришет, буга 100% кепилдик берем...
+8
-BOSS-
2020-09-02 17:34:32
Бектурган, мен дагы ошону ойлодум, бүгүн сот чечим чыгарып, эртең мунапыс берип.
Кече көрдүк го 3 жылга камалсын деп чыгарган чечим чыга элек мунапыс беришти го.
+1
XATSAN125
2020-09-02 17:30:11
Туппа туура кылыптыр
+3
Jibakana
2020-09-02 17:43:38
Не ужели биздин соттор туура чечим чыгарды....
+2
Shef87
2020-09-02 17:52:32
Берки кылмышты жабып жашырган тууганычы эмне болду
+2
milan-707
2020-09-02 21:20:46
Танышы жок манкасын танышы бар танкасын деген соз баргу
+1
talaa11
2020-09-02 21:23:47
Мен аябай тангалып жатам чын эле ушундай чечим кабыл алды бекен биздин соттор
+2
al-abu-kinesz
2020-09-03 00:31:34
Турмо тарбияласа экен силердей мыкаачыларды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан