Африканын Зимбабве өлкөсүндө белгисиз оорудан улам пилдер өлүп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана туризм министри Мангалисо Ндлову билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Пилдер кайсы оорудан өлүп жаткандыгы боюнча так маалымат жок. Болуп жаткан окуялар бизди абдан тынчсыздандырып жатат", - деген министр.
Анын айтымында, учурда белгисиз оорудан өлгөн пилдердин саны 22ге жеткен. Башында пилдердин өлүмүнүн себеби күйдүргү оорусу болушу мүмкүн деп болжолдонуп, кийинчерээк ал жокко чыгарылган. Учурда окумуштуулар өлгөн пилдерден канынын үлгүсүн алып, изилдеп жатышат.