Кезерип кезек күткөндөр.. Өзгөндөгү калкты тейлөө борборунун тейлөөсүнө эл нааразы

Өзгөндөгү калкты тейлөө борборунда бүгүн, 2-сентябрда документин бүтүрүүгө келген элдин узун кезеги орун алды. Нааразы болгон эл бул маселе ылдам чечилүүсүн, кезерип кезек күтүп турушканына карабай, жыйынтыгында документ иштерин бүтүрө албай кетип жатканына нааразы болушту. Айтымдарында, бул кезек күтүү биринчи болуп жаткан көрүнүш эмес. Арасында алыскы айылдан, шаардан келгендер да бар. Алар SUPER.KG порталына кезек күтүүдөгү көйгөйлөрүн айтып беришти.

Кезек күткөндөрдүн бири Аниса Суранчиева. Ал көптөн бери документин бүтүрө албай, айласы куруп жатканын айтат.

"Өзгөндөгү калкты тейлөө борборуна Оштон 3-4 күндөн бери келип жатам. Күндө эртең менен саат 9да келип, кезекке турабыз. Кезек көптүгүнөн күтө берип, кеч кирип кетип жатат. Чыдабай кирип сурасак, компьютердик жаңылоо болбой жатат, интернет иштебей жатат дешүүдө. Биз бул кырдаалга абдан нааразыбыз, жаш балдары барларды, кары картаңдарды мейли деп сыйлап киргизсек, өзүбүз жетише албай калып жатабыз. Эки күн мурун кезегим жетип, саат 2де кирсем, компьютер жаңыланбай калды дегенинен кеткем. Бүгүн келип деле документим бүткөн жок", - деди Суранчиева.

"Бул жерде чынында реалдуу иштеген адамдар жок экен" деген Төркүн Орунбаева да тейлөөнүн сапатына нааразы.

"Элди карап бул жакта күтүп отурам, бирок байкаганым алар бири-бири менен урушуп, тытышып кетип жатышат. Ортодо эле кароолчу жаман көрүнүп жатат. Бул жерде ортомчу кыз документтерди ташып жүрөт. Акча деген ортомчулар дагы болуп атат. Биз кечке безерип отурабыз, бул туура эмес да. Тиешелүү тарап маселени чечсин, элди көп күттүрүшпөсүн, саргайып отурабыз", - дейт Төркүн Орунбаева.

Ал эми биз көйгөйдүн анык себебин билүүгө аракет кылып көрдүк. Сурообузга Өзгөн райондук калкты тейлөө борборунун башчысы Светлана Жороева жооп берип, алар да элди күттүрүүгө кызыкдар эмес экенин айтты.

"Ооба, туура систем начар иштеп жатат. Бирок системдин иштөө же иштебөөсү бизге көз каранды эмес. Анткени жабдуу Бишкектен орнотулган. Жаңы систем киргизилип, иштөө начар болуп жатат. Азыр да бир сааттай иштеген жок. Систем жаңы эле иштеп баштады, бирок өтө жай. Биз деле адамдардын кезек күтүп турганын көрүп, кабатыр болуп жатабыз, бирок ушундай болуп жатат. Эрте, ылдам иштесек, эки тарапка тең жакшы болмок", - деди Светлана Жороева.

Өзгөндөгү калкты тейлөө борборунун тейлөөсүнө эл нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altynka95
2020-09-02 20:20:17
Чынында постоянно очередь коп болот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан