"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынан 860 миң 883 адам каза болду

Бүгүн, 3-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 25 миллион 928 миң 197 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 17 миллион 206 миң 568 бейтап айыгып чыкса, 860 миң 883 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 112 миң 638 адамдан коронавирус аныкталды. 185 миң 674 адам каза болсо, 2 миллион 231 миң 757 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 387 миң 309 адамдан аныкталды. 123 миң 780 адам каза болсо, 3 миллион 268 миң 591 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 769 миң 523 адам вируска кабылган. 66 миң 333 бейтап көз жумса, 2 миллион 901 миң 908 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан