АКШда чыдамы жок айдоочу жөө адамдар өтүүчү өтмөдөн шашпай өтүп бараткан адамды атып салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Жереми Уэсли унаасы менен тамак-аш алып келүү үчүн чыккан. Ал жолдо бара жатып адамдар өтүүчү тилкеде жөө кишиге жол бошоткон. Анын өтө эле жай басканынан улам чыдамы кеткен айдоочу тапанча менен сегиз жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Кийинчерээк шектүү тартип коргоо органдарына колго түшүп бергени маалым болгон. Учурда ал адам өлтүрүүгө айыпталып камакка алынган.