Орусиянын Либералдык-Демократиялык партиясынын лидери (ЛДПР) Владимир Жириновский коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн интернеттеги баракчасына жарыялаганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Спутник V" вакцинасынан кийин өзүмдү эң сонун сезип жатам. Экинчи этабын 20-сентябрда сайышат. Препаратты сыноонун үчүнчү этабы аяктаганда массалык түрдө эмдөө башталат деп жатышат. Мен дал ушул үчүнчү этаптын алкагында вакцина алдым", - деп билдирген Жириновский.
Коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцинаны Орусиядагы Гамалея атындагы илимий борбордун адистери иштеп чыккан. Учурда вакцина сыноонун үчүнчү этабынан өтүп жатат.