Америкалык тургун шарлар менен асманга учуп, балалыктагы кыялын орундатты

Америкалык иллюзионист Дэвид Блейн аба шарлары менен 7 миң 300 метр бийиктикке көтөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Гелий толтурулган бир топ шарлар менен асманга көтөрүлгөн Блейн муну "көккө жетүү" деп атаган.

"Көккө жетүү коркунуч эмес, тескерисинче чоң кубаныч. Бул да балалык кыялымдын орундалышы", - деген иллюзионист.

Девид Блейн бул кыялын ишке ашыруу үчүн 10 жыл даярдык көргөн. Буга чейин 500 жолу абада парашюттан секирип, бир топ машыгуулардан өткөн жана атайын лицензия да алган. Ал кызы жана командасы менен биргеликте бул максатты ийгиликтүү ишке ашырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан