Түркияда коронавирус пандемиясы биринчи толкундун экинчи туу чокусуна жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрине таянуу менен түрк басылмалары жазып чыгышты.
Анда Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджанын: "Пандемия уланып жатат. Күндөн күнгө илдетти жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Биз биринчи толкундун экинчи туу чокусуна жеттик", - деп айтканы жазылган.
Министр Анкара, Стамбул, Измир, Бурса шаарлары жана өлкөнүн чыгыш провинциялары тобокел тобуна кирген аймактардын катарында экенин белгилеген.
Түркияда 2-сентябрга карата 1 миң 596 жаңы учур катталган. Учурда Түркияда болжол менен 19 миңден ашык кыргыз жарандары бар экени айтылып келет. Алардын көбү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия шаарларында жашайт.