Орусиялык "Ласковый май" тобунун мурдагы солисти Александр Прико каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары маркумдун мурдагы кесиптеши Юрий Шатуновдун билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Юрий Шатунов мурдагы кесиптешинин дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтып, анын өлүмүнүн себебин айткан эмес.
Александр Прико 7-августта оор абалда ооруканага түшүп, ага пневмония диагнозу коюлган. Кийинчерээк "Ласковый май" тобунун продюсери Андрей Разин пневмония музыканттын өпкөнүн залалдуу шишик дартын курчутуп жибергенин айткан.
Александр Прико аталган топто 1989-жылга чейин ырдаган.