Америкалык актёр Дуэйн Жонсон жана анын үй-бүлөсү коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн интернеттеги баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Менден, аялым Лоренден жана эки кызымдан COVID-19 аныкталды. Баарыбыз тартипти сактайлы, иммундук системиңизди көтөрүңүз жана дайыма бет кап кийгенди унутпаңыздар. Жакындарыңарды коргогула, сактагыла. Ден соолукта болгула, достор", - деп жазылган актёрдун билдирүүсүндө.
Ошондой эле актёр дагы башка коопсуздук чараларын сактоого үндөгөн.
Дуэйн Жонсон менен жубайы Лорен Хашиан Жасмин жана Тиана аттуу кыздарды тарбиялап келишет.